КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 2
(1-91)


БИРИНЧИ СӨЗ 

«Бисмиллах» - ар бир кайырдүү иштин башы. Биз дагы оболу аны менен баштайбыз. Эй, написим, бил! Бул мүбарак сөз -Ислам нышаны болуу менен бирге түм бар болгон нерселердин абалдарынын тили жана ар дайым айтылган сөзү, зикири.

«Бисмиллах» - кандай чоң түгөнбөгөн кубат, кандай көп бүтпөз берекет болгонун түшүнгүң келсе, бул мисал болгон чакан аңгемеге кара, кулак сал... Мындайча:

Көчмөн арабтардын чөлдөрүндө саякат эткен адамдын каракчылардын жамандыктарынан кутулуу жана керектүү нерселерди ала алуусу үчүн бир уруунун башчысынын ысымын алып, анын кара-магына кирүүсү керек, болбосо жалгыз башына чексиз көп душмандары менен муктаждыктары өңүндө бушайман болот. Мына ушундай бир саякат үчүн эки адам чөлгө кетип бара жатышат. Алардын бири кичипейил, экинчиси болсо текебердүү эле.Кичипейил болгону бир башчынын ысы-мын алды, текебердүүсү албады. Алганы бардык жерде сак-саламаттыкта кезди. Жол кескен бир каракчыга туш келсе:

«Мен палан башчынын ысымы менен кезе-мин,» - дейт. Каракчы болсо ага тийише албайт, жайына коёт. Каалаган чатырга кирсе ошол ысым аркылуу сый урматка ээ болор эле. Аркы текебердүүсү болсо, бүтүн саякатында айтып болгуз балээлерге жолугат. Ар дайым титирээр, ар дайым кайырчылык кылаар эле. Нары-бери темселеп, уят болуп жүрдү.

Үн жок