Хак - чындык, акыйкат, Аллах тааланын бир ысымы
Халык - Жаратуучу, Аллахтын бир ысымы
хамд - шүкүр этүү
Хашир - бүткүл макулуктардын кыямат күнү бир жерге жыйналуусу
Хафыз - чыныгы жана толук коргоочу, сактоочу, Аллахтын бир ысымы
хидаят - туура жол. Ислам, ыйман жолу
хикмет - 1) Бүткүл бар болгон нерселердин акыйкаттарын адамдын билүүсү жана кайырдуу иштерди иштөө сыпаты. 2) Бүткүл ааламды жаратуудагы Аллахтын максаты 3) Сыр, купуя
Шахадат - бир нерсенин тура болгонуна ишенүү Аллахтын жолуна өмүрүнү берүү
шахват - адам денесинин өз керектүүлүктөрүн каалоо сезими (ичүү, уктоо ж.б.)
ширк - Аллахтан үмүтүн үзүп, башкалардан жардам күтүү
Ыжмал - бир нерсенин мазмуну. маселен: курманын уругу - ыжмал; курма дарагы - тафсил. Бирок экөөнүн да касиеттери бирдей
ихтыяр - тандоо
Явары Акрам - Аллахтын буйруктарын орундаткан, эң макбул инсан - Мухаммад пайгамбарыбыз.