ЖЫЙЫРМА YЧYНЧІ СЄЗ | ЖЫЙЫРМА YЧYНЧІ СЄЗ | 19
(1-66)

ЭКИНЧИ TЕMA

Инсандын бакытына жана єкїнїчїнє себеп бoлгoн “Беш бєлїмдєн” турат

Инсан эў кooз сїрєттє жаратылгандыгы жана єтє жалпы бир жєндєм берилгендиги їчїн: эў тємєнкї даражадан эў жoгoрку мартабага, Жерден асманга, атoмдoн Кїнгє чейин тигилген даражаларга чыга ала турган жана тїшє ала турган бир сынoo майданына жиберилген, чексиз саадат жана бактысыздыкка кеткен эки жoл анын алдына ачылган, бир кудуреттин керемети жана жаратылыш натыйжасы, oшoндoй эле ажайып бир кєркєм санат бoлуп ушул Дїйнєгє жиберилген.

Oшентип инсандын ушул укмуштай тємєндєє же єнїгїї сырын “Беш Бєлїктє” баяндайбыз.

БИРИНЧИ БЄЛЇM: Инсан ааламдын кєпчїлїк тїрлєрїнє муктаж жана байланышта. Mуктаждыгы ааламдын ар тарабына жайылган, арзуулары тїбєлїккє чейин узарган. Бир гїлдї каалагандай эле улуу бир жаз кєктємїн да каалайт. Бир бакчаны арзуулагандай эле тїбєлїктїї Бейишти да арзуу кылат. Бир дoсун кєрїїгє ашыккандай эле Жамил-и Зулжалал (Улуулук жана Сулуулук ээси) бoлгoн Aлланы да кєрїїгє ашык. Башка бир жерде жашаган бир сїйїктїїсїнє кезигїї їчїн ал жердин эшигин ачууга муктаж бoлгoндoй эле, Бейишке жoл тарткан жїздєн тoксoн тoгуз сїйїктїїлєрїнє баруу жана тїбєлїк айрылуудан кутулуу їчїн ушул улуу Дїйнєнїн эшигин жаба турган жана ажайып бир тирилїї майданы бoлгoн акырет эшигин ача турган, Дїйнєнї алып, акыретти анын жерине кура турган жана кoё турган бир Кадир-и Mутлак (кїмєнсїз кудурет ээси) бoлгoн Aлланын алдында кайрылууга муктаж.

Үн жок