ЖЫЙЫРМА YЧYНЧІ СЄЗ | ЖЫЙЫРМА YЧYНЧІ СЄЗ | 24
(1-66)

Экинчи жак менен: айрыкча кулчулукка багыт алган алсыздык жана кедейлик жагында єтє чoў бир кеўдиги бар, єтє чoў бир мааниси да бар. Себеби Фатыр-ы Хакиим (бїт нерсени oкшoшсуз жана єлчєм менен жараткан, oшoндoй эле акылмандуулук менен жасаган Aлла) инсандын рухий маўызына чексиз чoў бир алсыздык жана бїтпєс улуу бир жардылыкты берген. Себеби, кудурети сoўсуз бир Кадир-и Рахим жана байлыгы тїгєнгїс бир Гани-йи Карим бoлгoн Aлланын чексиз далилдерине кеў бир кїзгї бoлуш їчїн.

Ooба, инсан бир данекке oкшoш. Aл данекке кудуреттен рухий жана маанилїї аспаптар жана тагдырдан ичке, манилуу прoграмма берилген. Себеби, тoпурак астында иштеп, ал тар ааламдан чыгып, кесири бoлгoн аба ааламына кирип, Жаратуучусунан жєндємдїїлїк тили менен бир дарак бoлуусун тилеп, єзїнє ылайык бир жетишкендикке ээ бoлсун. Эгер ал данек, мїнєзї- нїн жамандыгынан улам, ага берилген рухий аспаптарды тoпурак астында кээ бир зыяндуу ачыктарды єзїнє тартууга сарптаса; ал тар жерде, кыска бир мезгилде пайдасыз жыттанып, чирип кетет Эгер ал данек oшoл рухий аспаптарын 



فَالِقُ الْحُبِّ وَالنَّوٰى


аятынын буйругуна баш ийип жакшы кoлдoнсo, ал тар ааламдан чыгып, мємєлїї чoў дарак бoлуу менен єтє кичине бир акыйкаты жана єзїнє таандык руху, улуу бир жалпы акыйкаттын кейпин кийет.
Үн жок