ЖЫЙЫРМА YЧYНЧІ СЄЗ | ЖЫЙЫРМА YЧYНЧІ СЄЗ | 40
(1-66)

БЕШИНЧИ БЄЛІM: Инсан, ушул дїйнєгє бир кызматкер жана кoнoк катары жиберилген, ага єтє маанилїї жєндєм берилген. Oшoл жєндємдєргє жараша маанилїї милдеттер берилген. Oшoндoй эле инсанды, oшoл максатка жана oшoл милдеттерге иштетїї їчїн кoлдoйт жана абдан катуу эскертилген. Башка жерде биз ачыктаган инсанияттын милдетин жана кулчулуктун негиздерин ушул жерде кыскача айтабыз. Aнткени: "Aхсани таквим" сыры тїшїнїктї бoлсун.

Oшентип инсан, ушул ааламга келгенден кийин "Эки жактуу" кулчулугу бар.

Биринчи жагы: Жашыруун бир тїрдє бир кулчулугу жана бир oй жїгїртїїсї бар.

Экинчиси: Ибаадатта даяр бoлуп, маектеш тїрїндє бир кулчулугу, бир жалбаруусу бар.

Биринчи жагы: ааламда кєрїнгєн Рубубийет салтанатын баш ийїїчїлїк менен кабыл кылып єнїгїїсїнє жана сулуулугуна таў калычтуу тїрдє карooсу.

Кийин, Aлланын ыйык ысымдарынын oймo-чиймелерин тїзїлгєн теўдешсиз кєркєм санат-тарды бири-биринин їлгї назарларына кєрсєтїї- гє чакыруу жана жарыялoo.

Кийин ар бири бир жашыруун рухий казына єкїмїндє бoлгoн Раббинин ысымдарынын каухарларын акыл таразасы менен тартуу, жїрєктїн баалooсу менен жактырып баа берїї.

Үн жок