КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 47
(1-91)

Анткени "бир гана нерседен бардык нерсени жаратуу, башкача айтканда топу-рактан бүткүл өсүмдүктөр менен жемиштерди жаратуу, ары бир суудан бардык айбанатты жаратуу, ары жөнөкөй эле татымдан айбандын бүткүл дене мүчөлөрүн жаратуу, муну менен бирге "бардык нерсени жалгыз гана бир нерсед-ен жаратуу" башкача айтканда тиричилик ээлерин көрөктөнгөн өтө көп түрдүү даамдардан, ал тиричилик ээлерине гана атайын жаратуу жөнөкөй гана бир терини токуу сыяктуу өнөрлөр жалгыз гана Ахад жана Самад болгон азал, абад Султанынын өзүнө гана тиешелүү сиккеси, хатеми, кайталангыз туррасы. Ооба, бир гана нер-седен бардык нерселерди жана бардык нерселерден бир гана нерсени жаратуу -жалгыз гана бардык нерселердин Жаратуучусуна тиешелүү жана бүткүл нерсеге Кадыр болгон Аллахка гана ылайык нышан, бир аят. Ал тылсым болсо -ыйман сыры менен ачылган жаратылыш хикметинин сыры жана ал ачкыч болсо 


يَاۤ اَللهُ لاَۤاِلٰهَ اِلاَّاللهُ * اَللهُ لاَۤ اِلٰهَ اِلاَّ هُوَ الْحَىُّ الْقَيُّومُ



Ал эми ажыдаар оозунун бакча эшигине айлануусу болсо, буга ишарат этет.

Кабир - далалат менен азгындык жолундагылар үчүн коркунуч менен үмүт ичиндеги зындан сыяктуу кыйноочу, ары бир ажыдаардын карыны сыяктуу тар ма-зарга ачылган эшик богон учурда Куран шакирттери менен ыймандуулар үчүн дүнүйө зынданындан менгилик бакчага жана ымтыхан майданындан Бейиш бак-чаларына, өмүр кыйынчылыгынан Рахмандын рахметине ачылган эшик.
Үн жок