КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 48
(1-91)

Жана ал жапайы арстандын сүйүктүү кызматкерге айлануусу жана моюн сунуучу ат болуусу мына буга ишарат: өлүм - далалат жолундагылар үчүн бардык жакшы көргөндөрүндөн аянычтуу абалда сонсуз айрылуу. Өлүм аларды бул жалган бейиши болгон дүнүйөсүндөн чыгарып, коркуу жана жалгыздык менен мазар зынданына киргизет, ары алар үчүн түрмө саналат. Ал эми хидаят жолундагылар жана Куран шакирттери үчүн башка ааламга кеткен достору менен туугандарына жолугушуу үчүн себепчи, ары чыныгы мекендерине жана сонсуз бакыт-таалай жерине кирүүлөрү үчүн эшик. Аны менен бирге дүнүйө зынданындан бейиш бакчаларына чакыруу, Рахманы Рахимдин рахметинен өз кызматына акы алуу үчүн бакыт, бул жашоодогу милдетинин оордугундан эркиндикке чыгуу, кулчулук менен ымтых-андагы таалим менен тарбиялардын бүтүүсү.

Корутунду: Кимдеким жалган өмүрүн негизги максаты кылса, көрүнүштө сонун бейиш ичинде жүрсө да, кыйыр түрдө то-зок ичинде болот. Кимдеким меңгилик өмүрүнө чын ыкылас менен көңүл болсө эки дүнүйө бакыт-таалайына ылайык болот. Дүнүйөсү канчалык жаман жана азаптуу болсо да, аны бейишке кирүү үчүн күтө турган бөлмө деп эсептегени үчүн азапкайгыларын унутат, чыдайт жана са-быр менен шүгүрчүлүк кылат...

Үн жок