КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 51
(1-91)

Биринчи пункт: Намаздын мааниси -Жанабы Хакка тасбих, таазим жана шүгүрчүлүк этүү. Башкача айтканда

Жалалынын алдында сөзү жана аракети менен "Субханаллах" деп такдис кылуу.. Ары Камалынын алдында сөз жана аракет менен "Аллаху Акбар" - деп таазим кылуу. Дагы да Жамалынын алдында жүрөгү, тили жана денеси менен "Алхамдүлиллах" - деп шүгүрчүлүк кылуу. Демек, Тасбих, Такбир жана Хамд - Намаздын уруктары болуп саналат. Намаздын аракеттери менен зикирлеринде бардык жерде бул үч нерсенин болушу да жогорку себептен.

Ары Намаздан кийин Намаздын маанисин күчөтүү жана кубаттандыруу үчүн ушул мубарак сөздөрдүн отуз үч жолу кайталануусу да ошол себептен. Намаздын маани-си бул түйүндөр аркылуу күчөтүлөт.

Экинчи пункт: Ибадаттын мааниси мындай: Кулдун Аллахтын кузурунда өз кемчилигин, алсыздыгын жана жардылыгын көрүп Рубубиетинин камилдиги менен Самадани Кудуретинин жана Илахи рах-меттин алдында таң калуу жана махабат менен сежде кылуусу демек.
Үн жок