КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 52
(1-91)

Башкача айтканда Рубубиетин салтанаты кандайча убудиетти жана багынууну талап кылса, Рубубиеттин куттуулугу, тазалыгы да кулдун өз кемчилигин көрүп, истигфар айтуу менен Раббисин бүткүл кемчилик-терден таза жана узак, далалат жолундагылардын жаңылыш пикирлеринен таптакыр алыс, ааламдын бардык каталарынан мукаддас экенин тасбих айтуу менен "Субх аналлах " аркылуу жарыялоосуну талап кылат. Ары Рубубие-тин кудуретинин камалы да кулдун өзүнүн дармансыздыгын жана макулуктардын ая-бай алсыз экенин көрүп, Самадани Куду-ретинин улуу өнөрчүүлүк чыгармаларынын алдында истихсан жана таң калуу менен "Аллаху Акбар" деп руку кылып, Ага сыгынуусун, тевеккүл этүүсүн каалайт.

Рубубиетин чексиз рахметинин казына-сы дагы кулдун өз муктаждыгын муну менен бирге бардык макулуктардын жардылыгы менен муктаждыктарын суроо жана дуба аркылуу көрсөтүп, Раббисинин жоомарттыгы менен ниметтерине шүгүрчүлүк кылып, мактоо менен "Алхамдулиллах" аркылуу кулактандыруу-сун каалайт. Демек, Намаздын аракеттери менен зикирлери, бул маанилерди өз ичине алат жана булар Аллах тарабындан коюлган.

Үчүнчү пункт: Адам-бул улуу ааламдын кичинекей бир мисалы. Фатиха сүрөсү да бул шаңы бийик болгон Курандын нурдуу өкүлү болгону сыяктуу эле намаз да ибадаттардын бүткүл түрлөрүн өз ичине алган нурдуу мазмуну жана бардык макулуктардын сыныптарынын түрдүү ибадат-тарына ишарат эткен куттуу бир картадыр.

Үн жок