КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 61
(1-91)

Ары бул ааламдын чыныгы Ээси менен чыныгы Башкаруучусу, чыныгы сыйына жана сүйө турганы - жалгыз гана ал боло алат; түн менен күндүздү, кыш менен жайды, дүнүйө менен акыретти бир китеп-тин барактары сыяктуу оңой гана которо турган, жаза турган, буза турган жана ал-маштыра турган,. булардын бардыгына буйрук бере турган бир Кадири Мутлак болгонун далилдеген бир жагдай болуп эсептелет жогоркулар.

Мына, чексиз даражада алсыз, дарман-сыз, ары чексиз даражада жарды, муктаж, ары соңу жок караңгылык келечекке ба-тып, ары бүтпөз - түгөнбөз окуялар ичинде чайкалып жүргөн адам руху кечки намазыны кылуу үчүн ушул мааниде болгон түн убагында Ибрахим сыяктуу 

لاَۤ اُحِبُّ اْلاٰفِلِينَ



деп Мабуду Лемязалдын, Махбубу Леязалдын кузуруна намаз менен сыгынып жана бул пани ааламда, пани жашоодо, караңгы дүнүйөдө, караңгы келечекте бир Сармади Бакиге мүнажаат этип, бираз гана баки аңгемелешүү, бир нече мүнөттүк баки өмүр ичинде дүнүйөсүнө нур чача турган, келечегин жаркырата турган бардык бар нерселер менен досторунун айрылуусу жана айрылуу оорусунан пайда болгон жараларына дары сүрө турган Рахманы Рахимдин рах-метинин илтипатын жана хидаят нурун көрүп суроо... Ары заман менен аны унуткан жана жашырынган дүнүйөнү ал да ун-утуп, дарттарын жүрөгүнүн ыйы менен Рахмет кузурунда төгүп...
Үн жок