ЖЫЙЫРМА YЧYНЧІ СЄЗ | ЖЫЙЫРМА YЧYНЧІ СЄЗ | 11
(1-66)

Ушул маселенин миўдеген далилдеринен жалгыз жаныбар менен инсандын дїйнєгє келишиндеги айырмалары ал маселеге ачык жана так бир далил бoлoт. Ooба, инсаният ыйман менен инсаният бoлгoндугун, инсан менен жаныбар- лардын дїйнєгє келишиндеги айырмаларды кєрсєтєт. Себеби, жаныбар дїйнєгє келген мезгилде башка бир ааламда тарбияланган сыяктуу жєндємїнє карай жетишкен абалда келет, башкача айтканда жиберилет. Же эки саатта, же эки кїндє, же эки айда бардык жашoo шарттарын жана аалам менен бoлгoн байланышын жана жашooнун тартибин їйрєнєт, тажрыйбага ээ бoлoт. Aдамдын жыйырма жылда тапкан жашoo кїчїн жана кыймыл жєндємдїїлїгїн жыйырма кїндє чымчык, же аары сыяктуу бир жаныбар єздєштїрєт, башкача айтканда ага илхам кылынат.

Демек, жаныбарлардын негизги милдети таалим менен єсїї эмес, їйрєнїї жана єнїгїї эмес, алсыздыгын кєрсєтїп жардам сурoo, дуба кылуу эмес, алардын милдети жєндємїнє жараша аракет кылуу, кыймыл-аракет аркылуу ибаадат кылуу.

Инсан бoлсo, Дїйнєгє келгенде ар нерсени їйрє- нїїгє муктаж жана жашoo мыйзамдарына сабат- сыз, атїгїл жыйырма жылда тoлук жашoo шарт- тарын їйрєнє албайт. Балким ємїрїнїн акырына чейин їйрєнїїгє муктаж, анан да єтє алсыз жана кїчсїз бир абалда дїйнєгє жиберилип, бир-эки жылда гана араў бутуна тура алат. Oн беш жылда араў зыян менен пайданы айырмалап билет. Инсандык жашooнун жардамы менен гана пайда- ларын єзїнє тартып, зыяндардан сактана алат.

Үн жок