КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 30
(1-91)

Өткөн бир мезгилде бир аскер согуш жана ымтыхан майданында, пайда менен зыяндын айлануу ишинде өтө коркунучтуу бир жагдайга дуушар болот. Мыдайча:

Оң жана сол тарабынан оор эки жара менен катуу жараланган аскердин арт жагында үрөйдү учурткан бир арстан ага кол салуу үчүн күтүп тургандай. Көз алдында бир дарга курулуп, бүтүн сүйгөндөрүн асып өлтүрүүдө жана аны күтүүдө. Муну менен бирге анын узун жолчулугу бар, сүргүн этилүүдө. Ал беча-ра бул коркуунун ичинде үмүтсүздөнүп, убайым жеп турган учурда оң жагында Кызыр сыяктуу жакшылыкты сүйгөн, нурдуу, мээримдүү бир адам пайда болот Ага мындай дейт: "Капа болбо. Сага эки тыл-сым берип үйрөтөмүн. Эгер жакшылап колдоно билсең ал арстан сага бир кызматкер атка айланат. Ары тигил дарга сен үчүн лаззат жана рахаттануу берген селкинчекке айланат. Дагы сага эки даары беремин. Жакшылап пайдалана билсең ал эки жараң жыпар жыттуу эки Мухаммади Алейхисалати вассалам деп аталган на-зик, сонун гүлгө айланат. Ары сага бир билет беремин, аны менен уча турган сыяктуу бир жылдык жолду бир күндө жүрүп өтөсүң. Мына, эгер буга ишенбесең. бираз тажрыйба жасап көр. Ошол учурда сөздөрүмүн чындык болгонуна ишенесиң. Чынында эле ал бир аз тажрыйба жасап көрдү. Туура болгонуна көзү жетти.

Ооба, мен, башкача айтканда бечара Саид да буну тасдик этемин. Себиби бир аз тажрыйба жасадым. Таптак туура деп кабыл эттим.

Үн жок