КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 6
(1-91)

ЭКИНЧИ СӨЗ

 

بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ



اَلَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِالْغَيْبِ


Ыйманда канчалык чоң бакыт жана нимет, канчалык чоң лаззат жана рахат бар экенин түшүнгүң келсе, бул мисал болгон чакан аңгемеге көз сал, тыңша...

Өткөн замандардын биринде эки адам ары рахаттануу, ары соода үчүн саякатка чыгышат. Бири менменчил, бактысыз бир тарапка, экинчиси худабин, бактыяр башка тарапка сапар тартышып, жөнөшөт. Менменчил адам ары өзүмчүл, ары ходендиш, ары үмүтсүз болгондуктан үмүтсүзүгүнүн жазасы болуп, анын оюнча өтө жаман бир өлкөгө туш келет. Караса бардык жерде алсыз бечаралар зордукчул, коркунучтуу адамдардан кордук көрүп, бузукулуктарынан запкы чегип кайгырып жүрүшөт. Барган бардык жерлерде мындай кайгылуу, аянычтуу абалды көрөт. Бүтүн өлкө орток кайгыруу жеринин кейпин алган. Өзү болсо үрөйдү учурган бул аянычтуу абалды сезбөө үчүн мас болуудан башка айла таба албайт, анткени ага чөйрө бейтааныш жана душмандай көрүнөт. Алды-аркасында коркунучтуу сандагы жаназаларды, үмүтсүздүктөн улам ыйлаган жетимдерди көрөт, абийири азап ичинде калат. Аркыеы, худабин, Аллахты сүйгөн чынчыл жана ак пейил болчу. Мындан улам өз ою боюнча өтө сонун бир өлкөгө туш келди.

Үн жок