ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 3
(1-48)

Ал чабуул жүрөгүмдөгү өтө копол жана кечиримсиз ачуулануу сезимин ойготту. Ошондуктан, ал динсиздерге жана туура жолдон адашкандарга орой жана катуу сөздөрдү айтууга туура келди. Бирок Рисале-и Нурдун ыкмасы сылык жана жумшак сөз менен түшүндүрүү.

بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ


قَالَتْ رُسُلُهُمْ اَفِى اللهِ شَكٌّ فَاطِرِ السَّمٰوَاتِ وَاْلاَرْضِ

Курандагы ушул ыйык аят риторикалык суроо аркылуу «Алла Таала тууралуу шек-күмөн болбойт жана болбоосу керек» - деп айтуу менен бирге, Алланын бар жана бир экендигин талашсыз көрсөтүп турат.

Ушул Сырды Ачуудан Мурда Бир Эскертүү

Хижрий 1338-жылы (1922-жылы) Анкарага бардым. Ислам аскерлеринин Грецияны жеңүүсүнөн улам кубанычка бөлөнгөн мусулмандардын күчтүү пикирлеринин арасында өтө коркунучтуу бир динсиздик ой, бузуу жана ууландыруу үчүн абдан айлакерлик менен иш кылып жатканын көрдүм. Ой, бул кара тумоо ыймандын негиздерине чейин жетчүдөй түрү бар! - деп тынчсыздандым мен. Ошол убакытта ушул кереметтүү аяттын ачык түрдө Алланын бар жана бир экенин түшүндүргөн жагын пайдаланып, ал динсиздердин башын талкалай турган күчкө ээ болгон сырдуу китеп - Курандан алынган күчтүү бир далилди арабча китепче кылып жаздым. Анкарада "Жаңы Күн" басмаканасында бастырдым.
Үн жок