ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 6
(1-48)

Биринчи: Кандайдыр бир дарыканада түрдүү-түрдүү нерселер менен толтурулган жүздөгөн айнек-идиштер бар деп элестетели. Ошол идиштердеги материал- дардан жандуу май (мазы) жасоо талап кылынды. Аны менен бирге ошол материалдардан укмуштуу кереметтүү тирүү дары жасоо керек болду. Карасак, ошол дарыканада жанагы жандуу майдын жана тирүү дарынын көптөгөн идиштерде даяр тургандыгын көрдүк. Ошол айнек-идиштердин ар бирин изилдеп көрүп, белгилүү өлчөм менен бир-эки дирхам (1-дирхам = 3 грам) мындан, үч-төрт дирхам тигиден, алты-жети дирхам башкасынан, ушунтип ар бир бөлүктөн түрдүү-түрдүү өлчөм менен алынып даярдалгандыгын байкадык. Эгерде бир идиштен бир дирхам өзүнүн өлчөмүнөн аз же көп кошулса ошол май жандуу болбой калат, касиетин жоготот. Ошондой эле, ошол тирүү дарыны да изилдедик. Бул дары да ар бир идиштен белгилүү өлчөмдө алынып жасалган. Эгерде кайсы бир идиштен атомчолук өлчөмдө аз же көп кошулса анда бул тирүү дары касиетин жоготот. Ушул элүүдөн ашык идиштердин ар биринен башка-башка ченемдерде бөлүктөрү алынып даярдалган.

Эми ошол жандуу дары жана майдын (мазы) даяр болушу үчүн, ошол идиштердеги материалдар кокусунан же болбосо шамалдуу абанын таасири менен төгүлүп, ар биринен алынган өлчөм канчалык болсо, ошончолук бөлүгү агып, бирге топтолуп идиштерге жыйналышсын да, так ошол дарыны жана майды жасашсын? Кызык, мунун кандайдыр бир жактан болушу мүмкүнбү жана ыктымалдуулугу барбы? Мындан өткөн ырым-жырым сандырактык же адашкандык барбы? Эшек эки эсе эшек болсо, андан кийин адамга айланса, анан бул окуя ага айтылса «Бул пикирге каршымын» - деп, качып кетмек.

Үн жок