ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 9
(1-48)

Үчүнчүсү: 

اَلْوَاحِدُ لاَ يَصْدُرُ اِلاَّ عَنِ الْوَاحِدِ

деп кабыл кылынган эреже менен «бир нерсе жалгыз жана өзгөчө болсо, албетте ал жалгыз бирөөдөн, бир колдон жасалышы мүмкүн». Өзгөчө, бул жаратылган нерсе аябай так тартип, кылдат мыйзам ичинде жана жалпы жашоо даражасына ээ болгон болсо, анда келишпестик жана баш аламандык себеп боло турган көптөгөн "колдор" аны тузө албоосу айкын белгилүү болот. Тескерисинче, ошол жанды абдан Кудуреттүү жана Акылдуу бир кол гана түзгөнүн көрсөтөт. Буга карабастан, чеги жок, жансыз, акылсыз, кол салуучу, аң сезимсиз жана баш аламандык ичинде ошол себебтердин жана элементтердин сокурдугу, дүлөйлүгү канчалык күч алса да; ошол тартиптүү, ырааттуу түрдө жалгыз (окшошу табылгыс) жаратылганды ал себептерге берип, "себептер жаратты"- деп айтуу жүз сандырактыкты чогуу кабыл кылуу сыяктуу акылга сыйбайт.

Макул, бул маанисиздикке көзүбүздү жумалы, албетте материалдык себептердин таасирлери, жанашуу жана байланыш аркылуу. Бирок бул табияттын себептери менен тирүү жандыктардын байланышы сырттан болот. Ошондой болсо да көрүү- дөбүз: ошол материалдык себептердин "колдору" жетпеген жана алар кийлигише албаган жандуулардын ички түзүлүшү сыртына караганда он эсе ырааттуураак, назигирээк, чеберчилиги боюнча да кемчиликсиз. Материалдык себептердин колдору жана аспаптары, эч кандай жактан кичинекей жандыктарга жайгаша албайт. Атүгүл ошол заттардын көрүнүшүнө да толук кол тийгизе алышпайт.
Үн жок