ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 7
(1-48)

Мына ушул мисал сыяктуу, ар бир жандуу нерсе албетте, кандайдыр бир жандуу май сыяктуу... жана ар бир өсүмдүк, кандайдыр бир тирүү дарыга окшош. Себеби, бул өсүмдүк жана жаныбарлар, көптөгөн химиялык элементтерден, түрдүү-түрдүү материалдардан абдан тактык менен ченелген өлчөмдөрдөн түзүлгөн. Эгерде ошону кандайдыр бир себептерге жана элементтерге оодарып берилсе, «себептер жаратты» деп айтса, так эле айтылып өткөн мисалдагы дарыканадагы майдын, идиштердин төгүлүүсүнөн пайда болгону сыяктуу жүз эсе акылдан алыс, сандырактык жана адашкандык болот.

Жыйынтык: Бул чоң дарыканага окшогон ааламда, жандуу нерселердин жашоосуна керектүү болгон материалдарды жасоо жана ошол элементтерди алардын денесинде белгилүү мыйзам менен иштетүү үчүн; бир эле Түбөлүктүү жана чексиз Акылмандуу болгон Аллада бар болгон учу-кыйырсыз илим жана бардык нерсени камтыган эрк болуусу керек. Же болбосо жандуулардын пайда болуусу «сокур, дүлөй, чеги жок сел өңдүү аккан жалпы элементтердин, бөлөк-бөлөк матариал- дардын жана себептердин иши» деген, айтылып өткөн мисалдагы «укмуштуу тирүү дары өзүнөн-өзү идиштердин төгүлүүсүнүн натыйжасында пайда болгон» деген акылсыз, байкуш бир тантыроочу акмактан да бетер акмак болот. Ооба, ошол атеизим - бул акылсыз, маанисиз акмакча бир дөөдүрөө болот.

Үн жок