ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 4
(1-48)

Бирок тилекке каршы арабча билгендердин аздыгы жана бул китепчеге терең ой менен карагандардын сейрек болуусу менен бирге, абдан кыска жана нуска берилгенидигине байланыштуу чыныгы күчтүү далил таасирин көрсөтө албады. Тилекке каршы, ал динсиздик пикири өнүгүп күч ала баштады. Ошол далилди кайра түрк тилинде баян кылууга мажбур болдум. Ал далилдин кээ бир бөлүмдөрү, башка китепчелерде толук түшүндүрүлгөндүгү үчүн бул жерде кыскача жазылат. Башка китепчелерде бөлүктөргө бөлүнгөн көптөгөн далилдер бул китепчеде бириктирилген; ар бир далил ал китептин бөлүктөрү болуп саналат.

КИРИШ СӨЗ

Оо, адам баласы! Билип ал, адамдардын оозунан чыккан жана динсиздик сездирген коркунучтуу сөздөр бар; ыймандуу адамдар ошол сөздөрдүн негизги маанисин билбестен колдонушууда. Ошол сөздөрдүн маанилүүлөрүнөн үчөөнү баяндайбыз.

Биринчиси: «Авжадатхул асбаб», б.а. «себептер затты жаратат»

Экинчиси: «Ташаккала бинафсихи», б.а. «ар бир зат өзүнөн-өзү формага келип, жаралат, жок болот.»

Үчүнчүсү: «Иктазатхут табиат», б.а. «табигый керектүүлүк зарыл болгондуктан, жаратылыш жаратууда».

Үн жок