ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 8
(1-48)

Экинчи: Эгерде бардык зат Вахид-и Ахад жана Улуу Кудуреттүү Алла жаратты деп айтылбастан, себептер аркылуу пайда болду деп айтылса, анда ааламдын абдан көп элементтери жана себептери, ар бир жандуу нерсени жара- тууда катышуулары керек болот. Ошондой болсо да, чымын өңдүү кичинекей бир жандыктын эң улуу гормонияда, аябай тартиптүүлүк менен так өлчөмдө жана да чексиз байланыштыктагы денесинен түрдүү-түрдүү, бири-бирине карама-каршы жана айырмаланган себептердин, элемент- тердин жыйналуусу - ушунчалык ачык сандырактык - чымындын канатынчалык аң-сезими болгон адам: «Бул мүмкүн эмес, мындай болбойт!» деп айтат.

Себеби бир чымындын кичинекей денеси ааламдын көптөгөн элементтери жана себептери менен байланышта, атүгүл алардын мазмуну, жыйынтыгы. Эгерде ошол чымынды Түбөлүктүү Кудуреттүү Алла жаратты деп айтпасак, анда ошол материалдык себептер жана элементтер чымындын денесинин жанында аны менен бирге даяр турушу зарыл; жадагалса, ошол кичинекей чымындын денесинин ичине кирип иштөөлөрү керек. Атүгүл бир клеткасына кирип, иштөөгө мажбур болот. Анткени, эгер ал себеп материалдык болсо, жаратылып жаткан заттын жанында жана ичинде болууга туура келет. Анда, эки чымындын ийненин учу сыяктуу буттары батпаган клеткада, ааламды түзгөн негизги заттар, элементтер жана жаратылыш өз материалдары менен ошол клетканын ичинде болуп, уста сыяктуу клеткада иштешин кабыл кылуу керек. Мына, софистердин эң акмактары дагы мындай пикирден уялышат.

Үн жок