Ошол кичинекей жандыктар жана жаныбарлар, чеберчилик боюнча эң чоң макулуктардан да ажайып чебердүү, жаратылышы боюнча укмуштай теңдешсиз кебетеге кирүүдө. Бул учурда жансыз, сабатсыз, копоол, узак, чоң жана бири-бирине тескери болгон дүлөй, сокур себептер жаратты деп айтуу андан да жүз эсе сокурдук, миң эсе дүлөйлүктөн келген.
ЭКИНЧИ ЖОЛ: «Ташаккала би нафсихи», башкача айтканда, өзүнөн-өзү пайда болууда, кейипке кирүүдө. Мына бул сүйлөмдүн да көптөгөн сандырактары бар. Көп жактан мүмкүн болбогон жана орунсуз бир пикир. Ушуга байланыштуу үч мисал баян кылабыз.
Биринчиси: Эй Кудайга ишенбеген өжөр адам! текеберчилигиң сени ушунчалык акмакташтырып, акылга сыйгыс, болушу мүмкүн эмес жүз нерсени чогуу кабыл кылууга даярсың. Анткени сен жаралгансың. Жөнөкөй, жансыз жана өзгөрбөй туруучу зат эмессиң. Сенин денең ар дайым жаңыланган, аябай тартиптүү бир механизм жана ар дайым өзгөрүп турган укмуш бир имарат сыяктуу. Сенин организмиңде атомдор токтоосуз иштеп жатат. Сенин денең айрыкча ырыскы жагынан жана тукум улануусу жагынан аалам менен өз ара байланыштуу жана алакасы бар. Сенин организмиңде иштеген атомдор ошол байланышты бузбоо жана ошол алаканы үзбөө үчүн көзөмөлдөөдө. Кудум бүткүл ааламга карап жатышкандай этияттык менен кадамдарын алмашты- рышат. Сенин аалам менен бүт байланыштарыңды көрүп ошого жараша бир позицияны ээлешет. Ошол атомдорундун укмуштуу позициясына (абалдына) карата сырткы жана ички сезимдериңди менен, пайдаланасын.