ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 142
(1-161)

Мүнажаат-ы Ахмедийе (а.с.м)- "Мүна-жаат" - жалбаруу, "Ахмед" - пайгамбары-быздын (а.с.м) төрт ысымдарынан бири: Ахмед, Махмуд, Мухаммед, Мустафа.

Мүталаа - бир нерсени абдан жакшылап ойлонуу, окуу, изилдөө. М: алма багы бар. Алмаларды бизге ким берип жатат? Алманы жейбиз, даамдуу, оозубузга, кардыбызга ылайык, кээ бир витаминдер бар, пайдалуу. Акылсыз алма дарагы менин ички органымды кантип билет? Демек, алманы жараткан - менин сезимдеримди да жараткан Аллах. Өзүнөн өзү пайда боло албайт.

Малик - ээ, бир нерсенин ээси, Аллахтын бир ысмы.

Махкеме-и Күбра - "Махкеме" - сот, "Күбра" - чоң. Б.а. улуу,чоң сурак жери. Адамдар өлгөндөн кийин Махкеме-и Күбрада суракка тартылат.

Макам- даража, мертебе.

Машааллах - "Аллахтын каалаганындай" деген мааниде. "Аллах сактасын, коргосун" деп айтылган дуба.

Максуд-у Биззат - чыныгы, негизги максат.

Мукарребин- эң жакын, эң чоң.

Мүршид- туура жол көрсөткөн, кайдыгерликтен ойготкон. Колуңуздагы китеп эгер толук түшүнүлүп окулса мүршид боло алат.

Мектубат-ы Самеданийе - "мектубат" - каттар, "Самед" - эч нерсеге муктаж бол-болгон Аллах. Б.а. Самед болгон Аллахтын каттары. Бардык жаратылган нерселер. М: Гүл. Муну мындайча окуй алабыз. Бул гүлдү жараткан бирөө бар, ал -Аллах. Б.а. маанисин окуу.

Үн жок