ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 140
(1-161)

Мухйи- тирилткен, жан берген Аллах. М: жаз айында өлгөн, куурап калган өсүмдүктөр менен жаныбарлардын Аллах тарабынан тирилүүсү.

Мумит - өлтүргөн, жан алуучу Аллах. М: кыш айында жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү өлтүрүүсү.

Махшерн хүвейнат- Микроп уясы.

Мухатаб - угуучу, кабыл этүүчү. М: мектепте, класста мугалимдин мухатабы -анын окуучулары.

Мутасаррыф-ы Зиишан - бардык нерсени каалаганындай колдоно алган шандууАллах.

Мерхамет-и Мутлака - эч качан азайбаган, түгөнбөгөн, бүтпөгөн Аллахтын ыра-йымы. М: бир океанды көз алдыбызга элестетелик. Ошол океандан бир тамчы суу алсак бир нерсе кемийби? Мына ушул мисал сыяктуу Аллахтын ырайымдуулугу, кечиримдүүлүгү ошол океан сымал. Адамдын кылган бүткүл күнөөлөрү топтолсо ошол бир тамчы суудай да боло албайт. Аллах кечиримдүү, бирок бир шарт - фарз намаздарды кылуу, чоң күнөөлөрдү жасабоо.

Мүнеззех - ыйык тензих кылынган, та-за, кемчилик менен катадан узак, эч бир нерсеге муктаж болбогон, жамандыктан узак болгон Аллах.

Мүтефеккир - ойлонгон, терең маселелерди ойлонгон, көп нерсени билген аалим.

Малик-улмүлк-и Зулжелал - улуулук ээси жана бардык мүлктүн ээси Аллах.

Үн жок