Кадир-и Зулжелал- бүткүл нерсеге күчү жеткен улуулук жана айбат ээси Аллах.
Кадир-и Рахим - кудуреттүү, ырайымдуу Аллах.
Каххар-ы Зулжелал - ар убакыт каарын билдире алган улуулук жана айбат ээси Аллах.
Кадий-үл-Хажат - бардык муктаждыктарды жойгон Аллах.
Кемал - Бүткүл сонун сыпаттарга ээ болуу.
Кемалат - жакшылыктар, сонун адеб-ахлактар, адептүүлүк.
Кемал-и Рахмет - рахмет менен ыра-йымдын абдан көп болуусу.
Кемал-и Сан'ат - укмуштай кооздолуп жасалган нерселер. М: Роза гүлү, абдан сонун жаратылган, көзгө сүйкүмдүү, жыты абдан сонун жыттуу.
Камил - кемчиликсиздик, катасыздык. Найгамбарыбыздын бир сыпаты.
Камет - намазга баштоо ишаараты, намаз үчүн окулган азан.
Кажат- керек, керектүү нерселер. Каинат - бар болгон нерселердин бүт бардыгы, жаратылган нерселер, ааламдар. Касыйда - он беш куплеттен аз болбоо шарты менен ар бир куплеттин соңдору уйкаш болуп, улууларды же бир нерсени мактаган жазуу,ыр.
Керемет - олуялардын физикалык законго баш ийбеген, көрсөткөн нерселери. Аллах тарабынан берилет. М: жамгыр жаадыруу, суу тоңдуруу ж.б. Кереметтин көптөгөн даражалары бар. М: кевнийе керемети: Аллахтын кудуретинин ихсаны менен, уруксааты менен абада учуу, узак жерге кыска убакытта баруу, ибаадат менен алек болуп жатканда бир эле убакытта башка жерде, м: базарда, көчөдө, эл арасында ошол эле адамдын көрүнүүсү, абдан күчтүү ууну ичкенде өлбөй тирүү калуусу, мылтык менен атканда өлбөй калуусу.
Türkçe
English
العربية
Pyccĸий
français
Deutsch
Español
italiano
中文
日本語
Қазақ
o'zbek
azərbaycan
Türkmence
فارسى