ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 138
(1-161)

Керем - ихсан, белек, жардам, иззет. Кудайдын кулдарына берүүсү.

Кемал-и хикмет - абдан сонун хикмет, б.а. бир нерсени жасоодо пайданы максат кылуу. М: биздин колубуз бир нерсени кармоого жарайт, оозубузга ылайык жаратылган бираз узун болуп калганда колу-бузду оозубузга алпаралмак эмеспиз. Анда хикметсиздик пайда болмок. М: бир уста көз айнек жасады. Ал көз айнекти мурунга, кулакка ыңгайлуу кылып жасайт. Б.а., хикмет менен жасайт. Ошондой эле бизге көздү берген Аллах хикмет менен жаратууда. Кыскасы, көзүбүз менен көрө алган жана көрө албаган бардык нерсе кемал-и хикмет менен жаратылган.

Кайып - жашыруун болгон, билинбеген, көрүнбөгөн. М: өлүм, качан, кайсы жерде кандай шартта келе турганы билинбейт. Кээде эч себепсиз келе алат. Адам баласы эртең эмне боло турганын билбейт. Бул ахыбалга "кайып" деп айты- ; лат. Демек Аллахтын ырайымы - кайыпты билдирбөө.

Кемал-и имтисал - угуу аткаруу, буйрук угуу. Буйрукту эң сонун аткаруу.

Кевнии - болууга тиешелүү, бар болуу. Космология илимине тиешелүү.

Китабет- жазуу, жазуучулук.

Лүтуф - ырыскы, белек, ихсан. Кудайдын бизге берүүсү. М: аба, аба болбосо өлүп калмакпыз. М: суу, тамак, акыл, се-зим ж.б.

Левх-и каза жана тагдыр - тагдыр жана казанын жазылган барагы. Б.а. болуп өткөн жана боло турган бардык нерсенин Аллахтын илиминде бар бо%луулары.

Левх-и махфуз - бардык нерсенин Аллахтын илиминде жазылуусу. Аллахтын шшминин бир наамы.

Үн жок