ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 136
(1-161)

Илм-ел-йакин - айн-ел-йакин сөзүнө караңыз.

Инайет-и Даиме - Кудайдын дайыма болуп турган жардамы.

И'дадийе - даярдоого, даярдыкка тиешелүү.

Ихтифалат- жыйналуу, топтолуу.

Истиб'ад - узакташуу, акылдан узак көрүү, боло албайт деп ойлоо. Атеисттердин философиялык ою.

Ибн-и Сина - "Авициена" - хижрий 370-428 ж.ж. Бухаралык аалим. Заманынын эң чоң аалими, мусулман философ, доктор.

Исрафил- төрт чоң периштеден бирөө. Кыямат күнү сурнайы "Сурду" менен үйлөө менен милдеттүү. Ал сурнай үйлөнгөндөн кийин кыямат жүрөт.

Ыйман - арапчада "иман" - ишенүү, кабыл этүү. Ислам динин кабыл этүү. М: Сүрөтчү калем менен Күн системасынын сүрөтүн тартты. Көрүнүштө сүрөттү калем тартты. Бирок, биз ал сүрөттү сүрөтчү тартты деп ишенебиз. Ошондой эле бир уста Күн системасынын макетин жасаса, биз ал макеттин бир устанын колунан чыкканына ишенебиз, ал макет өзүнөн өзү боло албайт. Ошондой эле астрономия илими боюнча Күн системасынын бар экенин билебиз жана ал системаны -жогоруда мисалда айтылгандай - бирөө курду деп ишенебиз. Мына бул ишенич -"ыйман" деп аталат.

Йавер-и Экрем - "йавер" - жардамчы, эң жакын кызматкер. Йавер-и Экрем -Хз. Мухаммед (а.с.м).

Кадир - кудуреттүү, чексиз кудурет ээси. Бардык нерсеге күчү жеткен. Кадир-и Мутлак - кудуреттүүлүгү эч качан жоголбогон, алмашпаган, азайбаган Аллах (ж.ж.).

Үн жок