Лика - көрүшүү, учурашуу, жолугушуу.
Лаззат- ырахат, жыргал.
Летаиф - ширин, латиф сезимдер.
Латиф - кооз, ширин, сулуу, жагымдуу.
Мелаике-и мукарребин - "мелаике" - периштелер, "мукарребин" - эң жакын, чоң. Б.а. эң чоң, эң жакын периштелер.
Мутасаррыф-ы Кадир - бардык нерсеге күчү жеткен, каалаган нерсесин каалаганыидай колдоно алган Аллах.
Mухаббет - сүйүү, сүйлөшүү. Рухтун ө-зүнө жаккан нерсесине жөнөлүүсү. Антоними - душмандык.
Мукаддерат- тагдыр, маңдай жазуусу.
Мүреттиб - тартиптеген, ирээтке келтирген Аллах.
Мүдеббир - мурунтадан ойлонуп иштерди ошого жараша кылуучу. Илими менен бардык нерсенин соңун камтып ошого жараша хикмет менен иш кылган Аллах.
Мүребби - тарбиячы, тарбиялаган, са-бак берген, чоңойткон, педагог.
Мета - кымбаттуу буюм, пайда.
Мааневи - рухий, материалдык эмес, көрүнбөгөн.