Шахид-и Эзели - башталгычы болбогон, дайыма күбө болуучу, кароочу Аллах.
Шаафи- Шаафи мезхебине баш ийген.
Эсфел-и сафилиин - төмөнкү даражадагылардын эң төмөнкүсү. Тозоктун эң төмөнкү катындагылар.
Элхамдулиллах- канчалык шүгүр жана рахмат бар болсо, эзелден эбедке жана кимден кимге болсо болсун бардыгы Аллахка тиешелүү деген маанини билдирет. Кыргызда "Кудайга шүгүр11 деп айтылат.
Эф'ал-и Керимаане - Аллахтын керимдүү иштери.
Эсма-и Кудсийе - Аллахтын ыйык ысымдары.
Эхл-и кешиф - пардалуу болгон көрүнүштөгү сезимдер менен билинбеген акыйкаттарды Алахтын жардамы менен билген олуя.
Эхл-и ихтисас - бир адамдын жана акыреттик Кур'аний, Исламий, Иманий бир кесип менен гана алек болуусу.
Эхл-и Эбед - эбеди болгондор, эбедилер.
Элвах-ы Махфуза - Левх-и махфузга караңыз.
Эбед-үл-Аабад - түгөнбөс, бүтпөс, өл-бөс жашоо, Бейиш.
Эсер - из, көрүнүш, чыгарма. Кудай жараткан бардык нерселер.