ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 154
(1-161)

Бедиүззаман Саид Нурсинин өмүрүн Исламият жолунда багыштаганын, башынан өткөн бардык кыйынчылык-азаптарын түшүндүрүү абдан кыйын. Биз деңизден бир тамчы суу сыяктуу, анын жашоосундагы кээ бир маанилүү нерселерди ба-ян кылабыз:

БЕДИҮЗЗАМАН САИД НУРСИ 1876-жы«лы5 Түркияда, Битлис областынын Хи-заи районунуна багымцуу кичинекей бир тоо болгон Нурс айылында бул Дүйнөгө келген.

Атасы Мирза эфенди, апасы Нурийе Ханым. Саид Нурси бала чагынан бери абдан кыймылдуу жана тырышчаак болгону үчүн жалгыз гана бир устат жана бир медреседе сабак алуу менен канааттанбай Чыгыштын бүткүл атактуу аалимдеринен жана шейхтеринен сабак алган. Бир-эки жылда Сарфнахиф (синтаксис жана морфология) негиздерин үйрөнүп чыныгы илимдерди Догу Бейазыттагы шейх Мехмед Желалиден алган жана он беш жылда окула турган китептерди үч ай ичинде үйрөнүп бүтүргөн. Бирок абдан таңгалычтуу, анткени Чыгыш Анадолунун (Анатолия) окуу ыкмасы менен оболу "Молла Жами" китебинин аягына чейин бүтүрдү. Буга да ар китептен бир же эки сабактан пайдаланыл, эң акырында он сабак үйрөнүп ийгиликтүү бүтүрдү жана калганын таштады. Андан кийин кайсы китепти колуна албасьш баарын билет эле. 24 саат и-чиндс "Жем-ул-Жевшш", "Шерх-ул Ме-вакыф", "Ибн-ул Хажер" сыяктуу китептердин 200 оарагын өзү өзүнчө окуу шарты менен окучу. Илимге ушунчалык кирип кетти; жашоонун тышы менен эч убакыт алек болчу эмес. Кайсы илимден болсо болсун, суралган суроолорго ошол замат, апкаарыбай жооп берээр эле. Бул у-бакытта ал 13-14жашта болчу.

Андан кийин Ислам Акыйкаттарынан "Шерх-үл Мевакыф" сыяктуу 90 китепти бышыктап окуу менен жаттап алды. Ван шаарынын акими Тахир Пашанын мейманканасында ар түнү үч саат жатка айтып кайталоо менен үч айда бир бүтүрчү... Саид Нурсинин өмүрүнүн акыркы жылдарында бул тема боюнча мындай дейт: Акыйкаттардан ощол токсон китеп кийинчерээк мага эврад* болду. Женабы Хакка шүгүрлөр болсун, мениң бул жаттап алуум, кайталоом Кур'андын Акыйкаттарына чыгууга тепкич болду, андан кийин Кур'анга чыктым карадым. Кур'андын ар бир аяты бүткүл ааламды камтып турганын көрдүм. Эми Кур'ан мага жетиштүү келди, башка китептерге муктаждыгым калган жок".

Үн жок