Молдо Саид мындан кийин Чыгыштын жерлеринде көптөгөн аалим жаңа шейхтер менен илимий тартышмаларда болуп, укмуштай ажайыптуу зээндүүлүгү илими жана эске тутуу жөндөмдүүлүгү менен ар кимди айрантаң калтырды жана Бедиүз-заман Атактуу Саид наамы менен айтыла баштады. Ванда атагы чыккан аалимдер болбогону үчүн Ван акиминин өтүнүчү боюнча Ванга барып ошол жерде жашай баштады.
Бедиүззаман Саид Нурси Ванда жүргөндө, кыска бир убакыр ичинде тарых, география, математика, физика, химия, биология, астрономия сыяктуу илимдерди бышыктап окуп чыгып ошол илимдердин да негиздерин үйрөнүп алды. Ал күндөрдо күнүмдүк газеталарды окуп Ислам Дүйнөсүн жакындан билчү. Ошол жылдары Тахир Пашанын жанында жүргөндө бир газетада Англия Коллония Министри депутаттарынын мажилисинде Колундагы Кур!анды көргөзүп: |!Бул Кур'ан мусулмандардын колунда ^сала берген сайын биз аларга чыныгы ээ боло албайбыз. Же Кур!анды жок кылышыбыз керек, же бол-босо аларды Кур!андан суутушубуз керек11, - деген сөзүнө каршы Бедиүззаман "Кур'андын өчпөс жана өчүрүлбөс рухий бир Күн сыя!?гуу болгонун мен бүткүл дүйнөгө көрсөтөмүн жана далилдеп беремин", - деп, рухунда бир феверан ойгонот (рухий жана материалдык ташкындоо).
Саид Нурси, Англия Коллониясынын Министринин Кур!анга каршы айтылган бул сөздөрүнөн кийин мындай бир пикир жана максат рухунда пайда болот: Чыгыш Анадолуда (Түркиянын чыгышы) Медресет-үз-Зехра атында Египеттеги Жами-үл-Эзхер сыяктуу бир Ислам Университетин куруп, ошол жерде тарбияланган шакирттер Кур'андын акыйкат китеп экендигин илимий түрдө жана пикир менен бүткүл дүйнөгө жайышсын... Мына бул максат жана ой менен Ястанбулга кеяди. Истанбулдагы бүткүл аалимдерди илимий дискуссияга чакырды. Ал жерде жашаган үйүнүн эшигинде ушул жазуу бар эле: "Бул жерде ар кандай мүшкүл маселе чечилет, ар суроого жооп берилет, бирок суроо суралбайт".