ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 156
(1-161)

Бедиүззамандын атагы Истанбулга кыска бир убакытта жайылат. Истанбулдагы көптөгөн аалим кишилер менен талкуу жүргүзөт, бүт бардыгы бул адамдын чынында эле БЕДИҮЗЗАМАН (замандын теңдеши жок адамы) экенине толук ишенишет. Бедиүззамандын мындагы максаты - чыгыштагы илимдин бийиктигине назарларды буруу менен Чыгышта бир университет ачууга араке ттенүү эле.

Истанбулдан Ванга кетиш үчүн кайра жолго чыгат. Батуми жолу менен Ванга баратканда Тифлиске (Тбилиси) тийип өтөт. Тифлисте бир орус полицейи менен таңкалучтуу диалог жүрөт. Тарихче-и Ха-йат (өмүр-баян) китебинде жазылган сыяктуу:

....Тифлисте Шейх Санан тоосунун төбөсүнө чыгат. Айланасын дыккаттуулук менен карап жатканда жанына бир орус полицейи келип:

- Эмне үчүн мынчалык абайлап карап жатасың?, - сураит. Бедиүззаман:

- Медресемдин планын чийип жатам, - дейт.

Орус полицейи: - Кайсыл жердиксиң? Бедиүззаман: - Битлистен боломун.

- Булжак Тифлис!

- Битлистифлис экөө бир тууган.

- Бул эмне демек?

Азияди , Ислам ааламында үч нур бир бпри яркясында жяймла баштайт. Силерде бир бир үстүндо үч зулмет ( караңгылык) башталат. Ушул мустеб ид пардасы айрылып жыртылат, мен да келип бул жерге медр&семди курамын.

Үн жок