ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 153
(1-161)

абдан.чоң бир акыйкаттын түшүндүрмөсү. Бул сыяктуу баяндарды 1930-1940 жылдары айткан, каттарында жазган, бирок азыр 1997-жылдардагы окуялар жана көрүнүштөр бул сөздөрдү ырастады, туура чыгарды. Түркиянын ар бир бурчунда Нур дарсканалары жана буга окшош илимий курулуштарда бүгүн Рисале-и Нур окулууда. Жалгыз гана Түркияда эмес, Ислам ааламында, Амёрикада, Европада, Австралияда, Россияда, Орто-Азияда күндөн күнгө жайылууда... Айрыкча "нурдуугруппа" деп айтканыбыз мектеп окуучулары менен университет студенттери арасында толкундануу менен, айрантаң калуу менен окулууда. Албетте мунун сөзсүз абдан маанилүү сыры бар мындайча:

Адамзат, жаратылышы боюнча динсиз боло албайт, динсиз калып жоктукка жана эч нерселикке кеткиси келбейт. Бир түбөлүктүү жашоого, бир түбөлүктүү бакыттаалайга жаратылышы боюнча муктаж жана ал жакка баргысы келет.

Колуңуздагы Хашир маселесинде, б.а. өлгөндөн кийин жаңыдан тирилүү, түбөлүктүү жашоого жана түбөлүктүү бакыттаалайга ээ болуу темасында "каинат" деп аталган ушул биз көргөн материалдык аалймды жана андагы Аллахтын ысымдарынын чагылууларын назарга берип, ошол чагылуулардын бүтпөс жашоодо да түбөлүктүү кала тургандыгын баяндоо менен Бейиш жана Тозоктун бар экенин, түбөлүктүү ааламдын келе тургандыгын далилдөөдө. Карл Маркс сыяктуу Кудайга ишенбеген, жалгыз гана көзүнүн көргөндөрүнө ишенгендерге бул каинатты жана материалдык дүйнөнү мисал берип, чексиз көп тевхид (Аллахтын бирлиги) далилдерин көрсөтүүдө. Саид Нурси ошол Кудайга ишенбегендерге мындай дейт: "Силер айткан жана атеизмге себеп көрсөткөн каинат, дүйнө жана ичиндеги бардык нерсе жана бүткүл бар болгон нерселер бар го; мына ошолор Кур'ан сыяктуу жана Мухаммед Пайгамбарыбыз (а.с.м.) сыяктуу ахыбал тилдери менен дайыма Кудайга ишаарат жана шахадат (күбө) кылууда11, - деп айтууда жана жана мунун түшүндүрмөсүн чексиз көп далилдерди керсөтүү менен, илимий түрдө көргөзүүдө жана түшүндүрүүдө.

Үн жок