ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 158
(1-161)

"Исламият- Күн сыяктуу; үйлөө менен өчпөйт. Күндүз сыяктуу; көз жумуу менен түн кирбейт. Көзүн жумган адам - жалгыз гана өзүнө караңгыкылат".

Андан кийин, Вандан Шамга (Дамаск, Сирия) барат. Шам аалимдеринин өтүнүчү менен Жами-үл Эмевиде, ичинде жүз окумуштуу болгон он миң кишилик жамаатка бир хутбе окуйт. Ошол хутбесинде Ислам Ааламынын ичиндеги ооруларды жана буларды айыктыруунун чарасын айтат. Бул хутбе кийинчерээк "Хутбе-и Шамийе11 аттуу китеп болуп басылып чыгарылат. Саид Нурси "Хутбе-и Шамийеде", ошондой эле "Мүназаратта" Ислам ааламынын келечекте өнүгүп бийиктей тургандыгын айтып, минтип кабар берет:

"Ооба; Үмүттүү болгула! Ушул келечек төңкөрүшү ичинде эң жогорку, эң бийик үн - Исламдын үнү болот!". Жана бул кабарын түшүндүрүүгө, далилдөөгө аракеттенет.

Саид Нурси кайра Ванга кайтып келет. Хорхор медресесинде шакирттери менен илим үйрөнүүнү улантып жатканда Биринчи Дүйнөлүк Согуш башталат. Согушта Чыгыш фронтунда орустарга каршы "өз ыктыярдуу гарнизон командири" наамында шакирттери менен бирге согушка катышат. Жанкечтидей каармандык жана баатырдык көрсөтөт. Эрзурум фронтунда, Ванда, Битлисте, Мушта салгылашууга катышат. Ошол согуш учурунда "Ишарат-ул И'жаз"деген тефсирин жазат. Кээде ат үстүндө, кээде окопко киргеи убакта өзү сүйлөчү, шакирти Молла Хабиб жазчу. "Ишарат-ул И'жаздын чоң бир бөлүгү ушундайча жазылды.

Үн жок