ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 160
(1-161)

Кыска бир убакыттан кийин "Чыгыш Анадолуда төңкөрүш болууда" дешип, Бедиүззаман Батыш Анадолуга, Ыспартага сүргүнгө айдалат. Бул жерде Ыспарта-Барладагы сүргүн жашоосунда, сегиз жыл бою "Рисале-и Нур" аттуу чыгармаларды жаза баштайт. "Сөздөр", "Мектубат", "Лемалардын11 он үчүнчү бөлүмдөрүнө чейин Барлада, кийин Ыспартага келип !|Жы-йырма Алтынчы Лемага" чейин жазат.

Жыйынтык: Жашоосунун аягына че-йин дайыма полициянын кайтаруусу алдында өмүр сүргөн Бедиүззаман сүргүндө, түрмөдө каякта болсо болсун Кур!андын акыйкаттарын жайып баатырдык менен эч коркпостон Рисале-и Нурларды жазуу менен алек болгоң.

Устат чындыгында севк-и илахи (Кудайдын жөнөтүүсү) менен кеткен жерлерде көптөгөн достору жана шакирттери пайда болгон жана Рисале-и Нур жайылган.

Афён түрмөсүнөн мурда, 1947-жылдардан баштап жазуучу машинка менен Нур жыйнактары Ыспартага жана Инеболуга жайылды. Афён Сотунун 1956-жылы Диний Иштер куруму Рисал-и Нур чыгармалар жыйнагьиГ тамга тамга дыккаттуу окуп чыгып ар бир Рисале жөнүндө пайдалуу Кур'аний бир тефсир болгонуна байланыштуу рапорт бергенден кийин сот боюнча сот боюнча Рисале-и Нур акталып чыгып ээлерине кайра өткөзүлүп берилди. Мындан кийин Устат Бедиүззамандын уруксааты менен Анкарада, Итанбулда университет студенттери жана Диний Иштер аалимдердин биргелешүүсү менен Рисале-и Нур басмаканаларда жаңы тамга менен басыла баштады. Нурлар ар тарапка ылдам жана тез жайыла баштады.

Устат жашоосунун акыркы жылдарын Ыспартадагы кызматындагы шакирттеринин арасында өткөздү. Анкарага жана Истанбулга жайылган Нур жыйнактарынын бардыгы Устатка формалар түрүндө алынып келинип окутулаар эле. Устат Кур'ан тамгасы менен жазылган Рисалелерден көз жүгүртүп карап, жанындагы шакирттери окучу, ушундайча кагаздар оңдолуп басмаканада басылчу.

Үн жок