ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 161
(1-161)

Устат Саид Нурси 1960-жылы март а-йында Рамазан-ы Шерифтин жартысын шакирттери менен Ыспартада өткөзүп, теравих намазын бирге окугандан кийин ооруга чалдыкты жана Урфага бара тургандыгын айтты, кызматындагы кээ бир шакирттери менен жолдо бара жатканда ооруган ахыбалы менен шакирттерине: "Кабатыр болбогула... Кабатыр болбогула... Мен беш комитеттин белин сындырдым" деп көп жолу айтат. Башкача айтканда Хашир Рисалеси сыяктуу Аллахка ыйман келтирүү акыйкаттарын Күн сыяктуу апачык далилдеген Нур рисалелери менен атеизм пикирин жайган материалист көрүштөрүн жана "табият жараггы" деген идеянын ташталканын чыгарды.

Урфада эки күн калгандан кийин, эң акырында Рамазандын жыйырма бешинде б.а. 1960-жылы 23мартта түбөлүктүү жашоого көчтү. Устаттын берген кабарларына жараша Рисале-и Нур жаркырак нурун ар тарапка чачып жайды. Устатын өз сөзү менен: "Рисале-и Нур Кур'андын колунда бир алмаз кылыч болуп атеизм жана динсиздик пикирине каршы рухий бир атом бомбасы сыяктуу күчкө ээ болуп Кудайды жокко чыгарган атеизмге каршы туруштук бсрүүдө".

Азыр болсо, Рисале-и Иур Т^ркиянын бардык область жана райондоруна чейин жайылып, айылдарга чейин Нур медреселери ачылып санак жеткис жаштар жана өспүрүмдөр Рисале-и Нурду окушууда.

Ошондой эле бардык лицей жана уни-верситет окуучуларына Нур рисалелери менен Ыйман жана Исламият жөнүндө акылга, логикага жана далилдерге таянган ыйман жана Кур'ан сабактары өткерүлүүдө. Европада, Америкада дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө айрыкча Түркий рес~

Үн жок