ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 159
(1-161)

Бедиүззаман бул салгылашуу учурунда колго түшкөн миндеген армян балдарын бош коё берип, орустардын ичиндеги үй-бүлөлөрүнө жөнөтөт. Бул иш армяндар үчүн бир сабак болуп, мусулмандардын адеб-ахлакына дарантаң калышат. Анын үстүнө армян башчылары мусулмандардын балдарын өлтүрүү адатын таштап: "Молдо Саид биздин бала-чакабызды өлтүргөн жок, бизге таслим кылды, биз да мындан кийин мусулмандардын балдарын өлтүрбөйбүз" дешип сөз беришти. Молдо Саид ушундайча ошол жердеги миңдеген күнөөсүздөрдүн өлүмдөн кутулуусуна се-беп болду.

Бул согушта көптөгөн каармандык көрсөтүп ошол жердеги элдин душман туткуну болуусунан сактап калды. Акырында Битлистин алынуусу менен орустарга туткунга түшөт. Эки жыл Костромада туткун калат. Андан кийин ал жерден жалгыз башына качып чыгып Санкт-Петербург, Варшава, Вияна жана София жолу менен Истанбулга келет.

Саид Нурси Истанбулду англистер басып алганда 1918-жылы англистердин саясатын жана планын ортого чыгарган кичинекей бир китепче жазат. Бул сыяктуу баатырдык кызматтары үчүн Анкаранын жаңы өкмөтүнүн назарын буруп Анкарага чакырылат. Элдик мажилисте учурашкандан кийин ибаадат жана намаз жөнүндө үгүттөөчү баяндамаларды айтат. Бирок президент Мустафа Кемал Бедиүззамандын намаз жана ибаадат жөнүндө үгүтүнө каршы чыгат. Буга каршы Бедиүззаман бирнече дапдаана жооп бергенденкийин:

- Падыша! Падыша! Исламиятта ыймандан кийин эң бийик акыйкат- намаз!, - дейт. Мустафа Кемал кечирим сурайт.

Бул окуялардан кийин жаңы өкмөт менен макулдаша албай, алар менен биргелеше иштей албай тургандыгын билдирип, Ванга кайтат. Ал жерде коомдук жашоодон узакташып, Эрек тоосунун этегинде өмүр сүрө фаштайт.

Үн жок