ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 157
(1-161)

- Ой-бой!.. Таңгаламын сенин үмүтүңө

- Мен да таңгаламын сенин акылыңа! Бул кыш ушул боюнча эле тура берет деп оилойсуңбу? Ар бир кыштын жазы, ар бир түндүн таңы бар.

- Ислам бөлүк бөлүк болуптур го?...

- Окуганы кетишти. Мына Индия -Исламдын акылдуу баласы: Англиянын тарбиялоо мектебинде окуп жатат. Мысыр (Египет) - Исламдын зээндүү уулу: Англия мүлкийе мектебинде сабак алууда. Кафкас жана Түркистан - Исламдын эки баатыр уулдары: Орустун аскердик мектебинде таалим алып жатышат ж.б.у.с.

Ушул асылзат уулдар шахадатнаамасын (күбөлүгүн) алгандан кийин ар бири бир материктин башына өтөт, укмуштай адилеттүү бабалары болгон Исламияттын туусун бийик көтөрүү менен эзели тагдырдын назарында адамзаттагы эзели хикметтин сырын жарыялашат. (ТҮШҮНДҮРМӨ)

0 Түшүндүрмө: Арадан сексен жыл өткөндөн ки-йин Устаттын: "Мен да келип бул жерге (Тифлиске) медресемди курамын" деген сөзү, чынында эле чыкты: Тифлисте медресе ачылды жана жалгыз гана Кавказияда эмес Россияда да, Орто-Азияда да ар кандай суроого жооп'берген Кур'андын бул акыркы тефсири Рисале-и Нур жайыла баштады.

Ванга келгенден кийин урууларды кыдырып, илимий сабактар менен алардын сабатсыздыгын жойгонго аракет кылды. Бул сабактарды "Мүназарат" (Дискуссия) аттуу чыгармасында жазат. Бул китептан башында мындай дейт:

Үн жок