ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 85
(1-161)



اَلْحَشْرُ لَيْسَ عَلَى مَقَايِيسَ عَقْلِيَّةٍ

деп айткан. "Ыйман келтиребиз, бирок акыл бул жолдо кете албайт", - деп өкүм берген экен.

Ошондой эле бардык Ислам Аалимдери: "Хашир - ооздон оозго айтылып келген массле. Далили - ташымалдоо. Акыл менен түшүнүрүүгө болбойт", - дешип биргелешип чечим беришсе, албетте ошончолук терең жана абдан жогору бир жол.бат эле акылдын жалпы жолунун өкүмүнө өтө албайт. Кур'ан-ы Хакимдин берекети менен жана Халык-ы Рахимдин рахмети менен ушул таклиди* сынган жана таслими* бузулган кылымда ошол терең жана бийик жолду бул даража бизге ихсан кылып бергени үчүн миң мертебе шүгүр кылышыбыз керек. Анткени, ыйманыбыздын куткарылуусуна жетиштүү келет. Канчалык түшүнсөк ошого каннаттанып кайрадан талкуулап окуп түшүнүгүбүздүн артуусуна аракеттенишибиз керек.

Хаширге акыл менен барылбагандын бир сыры мындайча: Улуу Хашир Исм-и Азамдын чагылуусу менен болгондугунан Женаб-ы Хактын Исм-и Азамынын жана ар бир ысмынын жогорку мертебесиндеги чагылуусу менен көрүнгөн чоң иштерди көрүү жана көрсөтүү менен Улуу Хашир жаз көктөмү сыяктуу опоңой далилденет жана ага тахкики (чыныгы) ыйман келтирилет.

Үн жок