ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 88
(1-161)

КИРИШ СӨЗ

( Хаширге ыйман келтирүүнүн абдан чоң рухий пайдаларынан жана өмүрдөгү натыйжаларынан бир гана чоң натыйжаны кыскача баян үчүн жана адамзаттын жашоосуна, айрыкча коомдук турмушка канчалык керектүү жана кажаты бар экендигин көрсөтүү үчүн жана бул хаширге ыйман маселесинен абдан көп хүжжеттеринен (далилдер) бир гана улуу хүжжетти кыска жана нуска кылып көрсөтүү үчүн жана ошол Хаширге ыйман келтирүүнүн канчалык апачык жана шексиз, күмөнсүз болгонун түшүндүргөн эки чекит)

БИРИНЧИ ЧЕКИТ: Акыретке ыйман келтирүү; коомдук жашоого жана адам-заттын жекечелиги, чыныгы негизи жана саадатынын, кемалатынын негиздери болгондугуна жүздөгөн далилдеринен салыштыруу түрүндө жалгыз Төрт Далилшге ишаарат этебиз:

БИРИНЧИСИ: Адамзаттын жартысын ээлеген кичинекей балдар жалгыз гана Бейишке ишенүү пикири менен өлүмдөргө жана казаларга каршы чыдай алышат. Алсыз жана назик денелеринде бир ру-хий кубат таба алышат. Жана ар нерседен тез эле ыйлаган чыдамсыз мүнөздүү рухтарында ошол Бейишке ишенүү менен бир үмүт таап, кубанычшаттык менен жашай алышат.

Мисалы, Бейишке ишенүү менен мындай дей алышат: "Менин иним же болбсо досум өлдү, Бейиштин бир кушу болду. Бейиште учуп жүрөт, бизден жакшыраак өмүр сүрүүдө". Бейиш болбосо, ар убакыт айланасында өзүндөй балдарын жана чоң кишилердин өлүмдөрү; ошол алсыз балдардын үрөйүн учуруп коркутуусу, чыдамсыздыктарынан жана рухий күчтөрүн таш талкан кылып талкалап, көздөрү менен бирге рух, жүрөк, акыл сыяктуу бардык сезимдерин да ошентип ыйлаттырмак; же өлүп же бактысыз бир жинди болуп калмак.

Үн жок