ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 89
(1-161)

ЭКИНЧИ ДАЛИЛ: Адамзаттын - бир жактан алганда - жартысын түзгөн карыялар жалгыз гана акыретке ыйман келтирүү менен жакында бара турган мүрзөгө каршы көңүлүн жубата алат. Жана абдан көнүп калган дүйнөлүк жашоосунун жакында өчүүсүнө жана сонункызык дүйнөлөрүнүн бүтүүсүнө каршы өздөрүн соорото алышат жана жаш баланыкына окшогон сезимтал рухтарында жана мүнөздөрүндө өлүмдөн жана айрылуудан чыккан кайгылуу жана коркунучтуу үмүтсүздүккө каршы жалгыз гана түбөлүктүү жашоо болгон Бейишке ишенүү үмүтү менен чыдай алышат. Бейиш болбосо, аёго ылайык урматтуу карыялар, тынчтыкка жана жүрөк ырахатына абдан муктаж ошол убайымчыл аталар жана апалар ушундай бир рух кайгысына жана жүрөк ооруусуна туш келишмек; бул дүйнө аларга зулумдуу бир зындан жана өмүр дагы муңдуу бир азап болмок.

ҮЧҮНЧҮ ДАЛИЛ: Адамзаттын коомдук турмушундагы жашоосунда чоң роль ойногон жаштар, өспүрүм балдар, ордунда жөн турбай ойноктогон сезимдерин, чектен ашып кеткен нефистерин зордуктоодон, зулумдан жана кыйратуудан токтоткон жана күндөлүк жашоо агымын сактаган жалгыз гана Тозок Коркуусу. Болбосо, Тозок жок болсо "Ким күчтүү болсо ал жеңет"эрежеси менен ошол мас жаштар сезимдерине азгырылып бечара алсыздарга, күчсүздөргө Дүйнөнү Тозокко жана бийик адамгерчиикти абдан кутурган айбанчылыкка айлантып салышмак.

Үн жок