ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 90
(1-161)

ТӨРТҮНЧҮ ДАЛИЛ: Адамзаттын дүйнөлүк жашоосунда эң жаматтуу борбор жана эң негизги зенберек (айлана) жана дүйнөлүк саадат үчүн бир Бейиш, бир башпаанек жана коргоно турган жер болсо - үй-бүлө турмушу. Ар кимдин үйү- анын кичине бир дүйнөсү болуп саналат. Ошол үй жана үй-бүлө турмушу жана бакыттаалайы болсо; сүйүү менен тыгыз байланышкан токтоо жана туруктуу урмат жана чыныгы, мээримдүү ырайымдуулук менен болушу мүмкүн. Жана бул чыныгы урмат жана ырайым болсо; түбөлүктүү бир достук жана бүтпөс бир жолдоштук жана чексиз бир биримдик жана түгөнбөс-бүтпөс бир заманда жана учукыйырсыз бир өмүрдө бир-бири менен атальщ балалык, достук, туугандык байланыштардын болуусу пикири менен, ишеничи менен болушу мүмкүн.

Мисалы, мындай дей алат: "Бул жуба-йым түбөлүктүү бир ааламда, түбөлүктүү бир жашоодо бүтпөс өмүрлүк жолдошум. Азырынча картайып жүзүнөн сулуулугу, көркү кетсе дагы зыяны жок. Себеби, тү-бөлүктүү бир сулуулугу бар жана бир күнү кайтып келет. Мынадай түбөлүктүү достук үчүн эч нерсемди аябаймын жана ар кандай ырайымдуулукту ал үчүн кыламын", - деп ошол картайган зайыбына сулуу Бейиш кыздарындай сүйүү менен, боор ооруу менен өзүн өзү жооткото алат. Бейишке ишенич жок болсо, кыска бир эки сааттык алдамчы жалган жубайлыктан кийин түбөлүктүү айрылуу жана ажырашууга туш келген достук - албетте өтө туруксуз, жалган, негизсиз жана айбан сыяктуу өз уруусунан болгондугу үчүн гана мээримдүүлүк жасоо, боор ооруу маанисинде жалган ырайым жана жасалма урмат бере алат. Жана айбанатта бар болгон сыяктуу башка пайдалар жана башка сезимдер ошол урмат менен ырайымды жеңип, ошол дүйнө Бейишин тозокко айлантып салат.

Мына, Хаширге ыйман келтирүүнүн жүздөгөн натыйжаларынан бири - адамдын коомдук турмушуна тийгизген пайдасы чоң. Жана ушул бир гана натыйжанын жүздөгөн жакшы жактары жана пайдалары жогоруда айтылган төрт далилге башкалары салыштырылса Хаширдин акыйкат экендиги, чын экендиги жана бар боло тургандыгы адамзаттын улуу акыйкаты жана жалпы кажаты даражасында бат эле билинет. Балким, адамзаттын курсагындагы муктаждыктын бар экендиги тамактардын бат экендигине далилдик кылат жана апачык билинет.

Үн жок