ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 93
(1-161)

Кызык, бир гана Султандын бир гана ишаараты жалган болбоо үчүн кээде бир полк аскер кыймылга келип салгылашканда, ошол абдан токтоо жана иззеттүү* Султандын миңдеген сөздөрүн жана убадаларын, техдиттерин (коркутуу менен эскертүү) жалганга чыгаруу эч мүмкүн бекен боло алсын? Жана акыйкатсыз болуусу мүмкүнбү?

Кызык, он үч кылымда үзгүлтүксүз, эсепсиз көп рухтарга, акылдарга, жүрөктөргө, нефистерге хак жана акыйкат менен өкүм кылган, тарбиялаган жана башкарган бул мааневи* Султан-ы Зиишандын (Шаңдуу Султан) бир гана ишаараты мындай акыйкатты далилдөөгө жетиштүү болуп турганда, миңдеген ачык ачык түшүндүрүүлөр менен бул Хашир акыйкатын көрсөтүп далилдегенден кийин ошол акыйкатты тааныбай койгон бир караңгытүркөй акмак үчүн Тозоктун азабы керек болбойбу? Тозокко салуу адилетүүлүктүн так өзү эмеспи?

Ошондой эле заманына, дооруна жараша өкүм кылган асмандан келген бардык барак кагаздар жана ыйык китептер дагы бүткүл келечекке жана жалпы заманга өкүмчүлүк кылган Кур'андын ачыктамалары менен түшүндүрмөлөрү менен кайра кайра кайталаган баян жана далилдеген хашир акыйкатын кылымдарга жана заманга жараша ошол акыйкатты кескин түрдө кабыл этүү менен бирге түшүндүрмөсүз, пардалуу жана кыскача түрдө баян, бирок күчтүү идциаларды (алдыга сүрүлгөн ой, идея) жана далилдери - Кур'андын давасын (идеясын) миңдеген кол кою менен кубатташат.

Үн жок