ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 96
(1-161)

Жана бардык күчүбүз менен ыйман келтиребиз: Ошол жүз миңдеген садык элчилериң, салатанатыңдын жарчысы болгон эсепсиз көп чынчыл пайгамбарлар, асфиялар*, олуялар; хаккалйакин*, илмелйакин* жана айнелйакин* түрдө сенин тиги дүйнөдөгү рахмет казыналарьща түбөлүктүү бүтпөс ааламдагы ихсанатьщдын казыналарына жана саадат жериндс толугу менен көрүнгөн ажайыптуу ысымдарыңдын укмуштай сонун чагылууларына шахадаттары хак жана акыйкат. Ишаараттары туура жана орундуу. Сү-йүнчүлөрү садык жана бар болгон нерсе. Жана алар бардык акыйкаттардын бор-бору, Күнү жана коргоочусу болгон "ХАК" ысмыңдын эң чоң бир шооласы: бул Хаширдин улуу акыйкаты болгонуна ыйман келтиришип, сенин буйругуң менен сенин кулдарыңа Хак айланасында са-бак берип жатышат. Жана акыйкаттын так өзү деп эсептешип таалим берип жатышат.

Йа Рабби! Булардын дарсы жана таалимдеринин акысы жана урматы үчүн бизге жана Рисале-и Нур шакирттерине толук ыйман жана бул дүйнөдөн ыйман менен кетүүнү насип кыл! Жана биздерди алардын шефааттарына бөлө! Амин!

Ошондой эле кандайча Кур'андын, балким асмандан түшкөн китептердин бардыгынын хак экендигин далилдеген жал-пы далилдер, хүжжеттер жана Хабибуллахтын (пайгамбарыбыз), балким бардык пайгамбарлардын пайгамбарлыгын далилдеген жалпы мужизелер жана далилдер бүт бардыгы биригишип эң чоң маселе болгон Акыреттин бар экендигине ишаарат кылышат. Так ошондойчо Важиб-ул Вүжуд болгон Аллахтын бар экендигине жана бир экендипше шахадат эткен көптөгөн далилдери бүт бардыгы биригишип Рубубийеттин жана Улухийеттин эң чоң жери жана ылайыгы болгон Саадат жеришш жана түбөлүктүү ааламдын бар экендигине.
Үн жок