ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 97
(1-161)

ачыла тургандыгына шахадат этишет. Анткени, Зат-ы Важиб-ул Вужуддун* бар экендиги, ошондой эле жалпы сыпаттары, ошондой эле көптөгөн ысымдары, ошондой эле Рубубийет, Улухийет, Рахмет, Инайет, Хикмет, Адалет сыяктуу сыпаттары, шаандары түбөлүктүү Акыретти керек кылгандай түбөлүктүү ааламды талап кылат жана сыйлык берүү жана жаза берүү үчүн Хаширди талап кылышат.

Эзели, Эбеди бир Аллахтын бар экенди-п-1 ырас болсо, албетте Улухийет салтанагъшын бүтпөс жери болгон тигил дүйнө да бар. Бул каинатта жана жандуу нерселерде абдан айбаттуу, хикметтүү жана мээримдүү бир Рубубийет-и Мутлаканын бар экени көрүнүүдө, андай болсо ошол Рубубийеттин айбатын үндөбөөдөн, хикметин бош нерселиктен жана мээримдүүлүгүн душмандыктан куткарган түбөлүктүү бүтпөс бир саадат жери болот жана ал жерге кирилет.

Ошондой эле, көз менен көрүнгөн бул санак жеткис ниметтер, ихсаңцар, белектер, керемдер, инайеттер (жардам), рахметтер, ырайымдар - кайып пардасынын аркасында бир Зат-ы Рахман-ы Рахимдин бар экендигин өчпөгөн акылдарга, өлбөгөн тирүү жүрөктөргө көрсөтөт. Албетте, ниметти шылдыңдоодон, ихсанды алдатуудан, инайетти душмандыктан, рахметти азаптан жана лүтуф менен керемди кы-янаттан коргогон жана ихсанды ихсан кылган жана ниметти нимет кылган бир түбөлүктүү ааламда түбөлүктүү өчпөс өмүр бар жана болот.

Үн жок