ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 100
(1-161)

Адамзатта болгон жана ка-инатын тартиптүүлүгүнө, адилеттүүлүгүнө, ченемдүүлүгүнө жана сулуу жамалына ылайык болбогон терс, абдан чоң зулумдары, баш көтөрүүлөрү жана нимет берүүсүнө, аны мээримдүүлүк менен азыктандырган Кудайга каршы кыянаттары, Ага ишенбөөлөрү, атеисттиги бул дүйнөдө жазасыз калып; каардуу заалим жашоосун ырахат менен өткөрөт, бечара кордук көргөндөр кыйналуулар менен өмүр сүрүшөт. Жана жалпы каинатта издери көрүнгөн ушул адилеттүүлүктүн ич жүзү болсо; кайра тирилбөө үчүн өлгөн ошол кан ичээр заалимдердин жана үмүтсүз зулумга учураган кордук көргөн адамдардын өлүп бара жаткандагы тең ахы-балдарына таптакыр каршы келет, уруксаат бербейт.

Жана кандайча каинаттын Ээси каинаттан Жерди жана Жерден адамзатты андап алып, абдан чоң бир маани берди. Так ошондойчо да адамзаттан да Рубуби-йетинин максатына шайкеш келген жана өздөрүн ыйман жана таслим* менен Ага сүйдүргөн чыныгы инсандар болгон пайгамбарларды, олуяларды жана асфияларды тандап алып өзүнө дос жана мухатаб (угуучу) кылып, аларды мужизелер жана жардам берүүлөр менен сыйлап, душмандарын семави* токмоктор менен жазаландырууда. Жана бул кымбаттуу, сүйүктүү досторунан да алардын имамы жана ардактуусу болгон Мухаммед Алей-хисселату Весселамды тандап алып, Дүйнө шарынын жартысын жана адамзаттын беште бирин узун кылымдар бою Анын нуру менен нурландырууда. Бул каинат Ал үчүн жаратылгандай бардык максаттары Аны менен жана Анын дини менен, Кур'аны менен көрүнүүдө.

Жана ошол абдан кымбаттуу, миллиондогон жылдар бою жашай турганчалык чексиз кызматтарынын акыларын, чексиз бир заманда алууга ылайык жана акылуу болуп турганда, абдан көп машакаттар жана салгылашуулар ичинде 63 (алтымыш үч) жыл кыска бир өмүр берилиптир. Кызык, эч бир жактан эч бир мүмкүнчүлүгү, эч бир ыктымалы, эч бир жөндөмү бар бекен: Ошол адам, бардык пайгамбарлар жана достору менен бирге тирилбесин?!

Үн жок