ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 101
(1-161)

Азыр да рух боюнча тирүү болбосун?! Тү-бөлүктүү өлүм менен өлүшсүн?! Хаша, жүз миң жолу хаша жана келла!!! Бүткүл каинат жана ааламдын акыйкаты Ал адамдын тирилүүсүн каалашат жана жашоосун Каинаттын Ээсинен талап кылышат.

Жана Жетинчи Шоола болгон "Айет-үлКүбрада9'ар бири бир тоонун күчүндөй отуз үч дапдаана ижма-ы азим* мына муну далилдешкен: Бул каинат бир гана колдон чыккан. Жана жалгыз Бирөөнүн гана мүлкү. Жана кемалат-ы илахийенин* негизи болгон Вахдетин* жана Ахадийетин* апачык кылып көргөзүшкөн. Вахдет жана Ахадийет менен бардык каинат, ошол Зат-ы Вахиддин* буйрук угуучу аскерлери жана баш ийген кызматкерлери сыяктуу болушат. Акыреттин келүүсү менен кемалаты ылдыйкы даражага түшүүдөн жана бүтпөс адилеттүүлүгү шылдындуу зулумдан; жана ааламды жаратуудагы хикметти керексиз бош нерселиктен жана кенен рахметти оюн болсун деп азап берүүдөн, иззет-и кудурети* кордолгон алсыздыктан кутулушат, ыйык тутулушат.

Албетте жана албетте Акыретке ыйман кслтирүүнүн жүздөгөн акыйкатынан бул жогоруда айтылып өткөн сегиз акыйкаттардын талап кылуусу менен; Кыямат Ка-йым жүрөт, Хашир болот, сыйлык жерй жана жазаландыруу жери ачылат.... Неге дегенде Дүйнө шарынын айтылып өткөн мааниси жана борбору, адамзаттын маанилүүлүгү жана кадыр-баркы билинсин.
Үн жок