ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 102
(1-161)

Жана Дүйнө шары менен адамзаттын Жаратуучусу Рабби болгон Мутасаррыф-ы Хакими* жогоруда айтылып өткөн адилеттүүлүгү, хикмети, рахмети, салтанаты дайыма туруктуу кала алсын. Жана ошол түбөлүктүү өлбөс Рабдын жогоруда айтылган чыныгы достору жана ашыктары түбөлүктүү өлүмдөн кутулсун. Жана ошол достордун эң чоңу жана эң кымбаттуусу, бүткүл каинатты ыраазы кылган ы-йык кызматтарынын акысын алсын. Жана Султан-ы Сермединин* кемалаты кем-чиликтен жана катадан, кудурети алсыздыктан, хикметй азгынчылыктан жана адилети зулумдан узак турсун, ыйык тутулсун.

Жыйынтык: Аллах бар болсо, албетте Акырет да бар... Ошондой эле, кандайча: Жогоруда айтылган үч ыйман шарттары аларды далилдеген бардык далилдери менен Хаширге шахадат жана ишаарат кылышат, так ошондойчо: 

وَ بِمَلئِكَتِهِ وَ بِالْقَدَرِ خَيْرِهِ وَ شَرِّهِ مِنَ اللَّهِ تَعَالَى

болгон ыймандын алты шарттарынан экөөсү да Хаширди талап кылышып, күчтүү бир түрдө түбөлүктүү ааламга шахадат жана далил кылышат.

Мындайча: Периштелердин бар экендигин жана кулчулук милдеттерин далилдеген бардык далилдер жана чексиз мүша-хаделер* (көрүүлөр) менен сүйлөшүүлөр; бардыгы биригип Рухтар Ааламынын жа-иа Кайып Ааламынын, өлбөс-өчпөс ааламдын жана Акырет Ааламынын жана к-елечекте жин жана адамдар менен шаң-чаяа турган Саадат Жеринин, Бейиштин жана Тозоктун бар экендигине далил болушат.
Үн жок