ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 99
(1-161)

жалгыз гана адам менен жиндердин назарларын эмес, балким асмандын жана каинаттын назарын, алкыштоолорун жана Каинаттын Ээсинин назарын буруу менен абдан чоң маани жана баа алган жана буйругу менен каинаттын жарайтылыш хикмети (себеби) жана чоң натыйжасы, кымбат мөмөсү жана Жер Шарынын халифеси (башкаруучусу) болгондугун илими менен, сан'аты менен көрсөткөн жана Дүйнө жагында Ааламдардын Устасынын мужизелүү санаттарын, чебер чыгармаларынын абдан сонун түрдө көрсөткөнү үчүн жана шурудай кылып тизип ирээтке келтиргендиги үчүн баш көтөрүү жана атеисттиги менен бирге Дүйнөдө азап бербей жана азап көрүүсү кийинкиге калтырылган жана бул кылган кызматы үчүн кийинкиге калтырылууга уруксаат берилип максатьша жеткен адамдардын да түрлөрү бар.

Жана бул негиздеги адамзаттын түрү мүнөз жана жаратылыш жагынан абдан күчсүз, алсыз жана абдан кедейлиги жана алсыздыгы менен бирге чексиз муктаждыгы жана убайымдуу болуп туруп бардык күчүнүн жана эркинин тышында болуп килейген Дүйнө шарын ошол адам-заттын түрүндөгү адамдарга керектүү болгон ар түрдүү кайнактарга жана ар түрдүү даамдарга кампа жана адамзатка жага турган ар түрдүү малдарга бир дүкөн кейпине келтирген абдан күчтүү жана хикметтүү, мээримдүү бир Мутасаррыф* бар; адамзаттын түрүнө карайт, тамактандырат, багат, каалаган нерсесин берет.

Жана бул акыйкаттагы бир Раб; адам-затты сүйөт, ошондой эле Өзүн адамдарга сүйдүрөт, Өзү түбөлүктүү, өлбөс, ошондой эле түбөлүктүү ааламдары бар9 ошондой эле ар бир ишти адилеттүүлүк менен кылат жана ар бир нерсени хикмет менен жасайт. Ошондой эле бул кыска Дүйнөлүк жашоодо жана бул адамзаттын кыска өмүрүндө, бул тсз элс өтүп кетүчү жалган дүйнөгө ошол эле Хаким-и Эзелинин* ай-баттуу салтанаты, түбөлүктүү бийлиги сыя албайт.
Үн жок