ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 98
(1-161)

Ошондой эле жаз көктөмү мезгилинде жер бетинин алакандай тар барагына жүз миң китепти бир-бири ичине катасыз жазган бир Кудурет Каламы көзүбүздүн алдында чарчабастан иштеп жатат. Жана ошол Калам Ээси жүз миң жолу убада жана сөз берген:

"Бул тар жерде аралаш жана бир-бири ичинде жазылган жаз көктөмү китебиненда оңоюраак, кенен бир жерде сонун жана өлбөс бир китепти жазамын жана силерге окуттурамын", - деп бардык кабарларда ошол китептен сөз кылууда. Албетте ошол китептин негизи жазылып коюлган жана Хашир менен түшүндүрмөлөрү жа-зылат. Жана жалпы элдин амал дептери да тиркелет.

Ошондой эле бул Дүйнө шары көптөгөн макулуктары менен жана көп жолу алмашкан түрдүү түрдүү жашоо ээлеринин жана рухтардын ээлеринин үйлөрү, чыккан жери, фабрикасы, көргөзмөсү, махшери, жыйынтыгы, натыйжасы, жаратылыш себеби болуп абдан чоң мааниси бар: Кичинекейлиги менен бирге килейген асманга каршы тең тутулган, асмандан келген кабарларда дайыма

رَبُّ السَّموَاتِ وَ اْلاَرْضِ

деп айтылат. Жана бул негиздеги Дүйнө шарынын ар тарабына өкүм кылган жана көптөгөн макулуктарына бийлигин жүргүзгөн жана көптөгөн жандуу нерселерди жеп-ичүүгө муктаж кылып өзүнүн айланасына топтогон жана көптөгөн сан'аттарын өзүнүн каалоолоруна карай жана муктаждыктарынын эрежелери менен ушундай сонун тартипке салып, көргөзмөдө көрсөтүп жана абдан ажайыптуу кылып ксоздоп жана антиквардык* түрлөрүн тизме барак сыяктуу ар бир жерде ушундай топтоп кооздойт,
Үн жок