ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 103
(1-161)

Себеби, периштелер бул ааламдарды Кудайдын уруксаты менен көрө алышат жана кире алышат. Жана Хазрет-и Жабрайил сыяктуу адамдар менен көрүшкөн жалпы мелаике-и мукарребин*; жогоруда айтылып өткөн ааламдардын бар экендигин алар ал жерлерде да саякатташканын биргелешип кабар беришүүдө. Биз көрбөгөн Американын бар экенин ал жактан келген адамдардын кабарлары менен дапдаана билгенибиздей жүз ку-баттуу кабар күчүндө болгон периштелердин кабарлары менен Түбөлүктүү Ааламдын, Акыреттин бар экендигине жана Бе-йиш менен Тозокко Америкага ишенгендей ыйман келтириш керек. Жана ошентип ыйман келтиребиз.

Ошондой эле, "Жыйырма Алтынчы Сөз" болгон "Тагдыр Рисалесинде", тагдырга ыйман келтирүү шартын далилдеген бардык далилдер; бардыгы биригип амал дептерлердин ачылуусуна жана улуу таразадагы амал өлчөөсүн далилдейт.Анткени: Бардык нерсенин мукаддераты* (маңдай жазуулары) көзүбүздүн алдында тартиптүүлүк жана тараза левхаларында* тиркеп койуу жана ар бир жандуу нерсенин өмүр жолдорун эске тутуу сезимдеринде жана данектеринде жана башка элвах-ы мисалийеде* жазуу жана ар бир тирүү рухтун айрыкча адамдардын амал дептерлерин элвах-ы махфузада* билүү жана өткөзүү; албетте ошондой терең бир тагдыр, хакимаане жана дыккаттуу тиркеме жана хафизаане* бир китабет* жалгыз гана Махкеме-и Күбрада жалпы бир сот натыйжасында; түбөлүктүү бир сыйлык жана жаза үчүн боло алат. Болбосо ошол кенен жана дыккаттуу тиркеме жана коргоо таптакыр маанисиз, пайдасыз калат. Хикметке жана акыйкатка терс келет.
Үн жок