ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 106
(1-161)

Өмүрдүн Жыйырма Сегизинчи хассасында*баян кылынган ; өмүр - ыймандын алты шартына карап далилдейт. Алардын боло тургандыгына ишаарат кылат.

Ооба, бул каинаттын эң маанилүү натыйжасы, негизи жана жаратылуу хикмети - өмүр экен; албетте ошол улуу акыйкат; бул жалган, кыска, кемчиликтүү, кайгылуу, дүйнөлүк өмүр менен гана чектелип калбайт. Балким, өмүрдүн 29 хассасы* (өзгөчөлүктөрү) менен ич жүзүнүн чоңдугу билинген өмүр дарагынын максаты, натыйжасы жана ошол дарактын чоңдугуна ылайык мөмөсү - Акыреттеги Түбөлүктүү жашоо жана ал жерде ал жашоонун ташы менен, дарагы менен, топурагы менен тирүү болгон саадат жериндеги өмүр болот. Болбосо, бул чексиз маанилүү жабдыктар менен жабдылган өмүр дарагы акылдуу жандар үчүн, айрык-ча адамзат үчүн мөмөсүз, пайдасыз, акыйкатсыз болуш керек болуп калат жана байлыгы, жабдыгы боюнча таранчы чым-чыктан, мисалы, жыйырма даража көбүрөөк жана бул каинаттын, жандуулардын эң маанилүү, бийик макулугу болгон адам баласы таранчы чымчыктан жашоо жыргалчылыгы боюча жыйырма даража төмөн түшүп, эң бактысыз, эң бечара болуп калат. Ошондой эле эң кымбаттуу ниметтерден бири болгон акыл да өткөн замандын кайгыларын жана келечек замандын коркууларын ойлонуу менен адамзаттын жүрөгүн көп жолу жаралап оорутуп, бир жыргалчылыкка тогуз кайгымуңду кошуп аралаштыргандыгынан эң кайгылуу бир балээ болот. Бул болсо жүз даража акыйкатка каршы келет. Демек, бул дүйнөлүк өмүр акыретке ыйман келтирүү шартын дапдаана далилдөөдө жана ар бир жаз айында Хаширдин 300000 (үч жүз миң) ден ашкан үлгүлөрүн көзүбүздүн алдында көргөзүүдө.

Үн жок